Түркия Камму Кашмирдеги кол салууну айыптады

Түркия Индиянын Камму Кашмир аймагында кечээ коопсуздук күчтөрүн ташыган конвойго карата жасалган террордук кол салууну айыптады.

1145909
Түркия Камму Кашмирдеги кол салууну айыптады

Түркия Индиянын Камму Кашмир аймагында кечээ коопсуздук күчтөрүн ташыган конвойго карата жасалган террордук кол салууну айыптады.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Камму Кашмирде кечээ коопсуздук күчтөрүн ташыган бир конвойго карата террордук кол салууда көп сандаган кишинин каза болгондугу жана жаралангандыгы билдирилди.

Маалыматта : «Бул кол салууну айыптайбыз. Каза болгон аскерлердин үй- бүлөлөрүнө, Индия калкына жана өкмөткө көңүл айтып, жаралуулардын бат айыгып кетишин каалайбыз. Акыркы мезгилде Камму Кашмирде күч алган араздашуудан жана кишилердин каза болушунан терең санааркап, маселенин диалог менен жана БУУнун чечимдеринин негизинде чечилишин каалайбыз»,- деп билдирилди.

"Hindustan Timesтын" кабарында Сринагар шаарына барган конвойду бутага алган кол салууда 44 аскердин каза болгондугу, 20 аскердин жаралангандыгы белгиленген.

Коопсуздук жетекчиси Мунеер Ахмед Хан болсо жарылууда бир автобустун жараксыз болгондугун жана мындан башка эң аз 5 унаанын зыян тарткандыгын айткан.

Индия басма сөзүндө орун алган кабарларда көп сандаган Борбордук Запастагы Полиция Күчүнүн кызматкерлери болгон конвойдо 70 унаанын бар экендиги билдирилди.

Жергиликтүү басма сөздөгү кабарларда кол салуунун жоопкерчилигин Жейш-и Мухаммед уюмунун моюнга алгандыгы белгиленген.

Индиянын премьер- министри Нарендра Моди кол салууну «жеткен коркоктук» деп мүнөздөдү.



Тектеш кабарлар