Эрдоган, Путин, Рухани Сирия саммитинде жолугушат

Астана процессинин кепилдери Түркия, Орусия жана Ирандын лидерлери Сирия тууралуу саммиттердин төртүнчүсү үчүн жолугушат.

1144367
Эрдоган, Путин, Рухани Сирия саммитинде жолугушат

 Орусиянын Сочи шаарында эртең боло турган Сирия тууралуу үчтүк саммитте күн тартиби Идлибде күч колдонуу, АКШнын Сириядан чыгуу процесси жана конституцияны жаза турган комитетти түзүү аракеттери болот.

Астана процессинин кепилдери Түркия, Орусия жана Ирандын лидерлери Сирия тууралуу саммиттердин төртүнчүсү үчүн жолугушат.

Орусиянын президенти В. Путин үч тараптуу саммиттин негизинде президент Р. Т. Эрдоган менен өзүнчө бир сүйлөшүү да өткөрөт. Орус лидердин Ирандын президенти Хасан Рухани менен да эки тараптуу сүйлөшүү өткөрүшү күтүлүүдө.

Саммитте үч кепил өлкөнүн лидерлеринин Сириянын жеринин бүтүндүгү, террор жана бөлүүчү күн тартиптерине каршы орток күрөш жана Астана форматында түзүлгөн кызматташууну улантуу кабарын бериши да күтүлүүдө.

Лидерлер 2018 -  жылы 7 -  сентябрда Тегеранда жолугушуп, саммитте Идлиб араздашууларды азайтуу аймагындагы абалга көңүл бурулган. Тегеран саммитине президент Эрдогандын Башар Асад режиминин кол салууларына каршы 4 миллионго жакын жарандык коргоо үчүн Идлибде ок атышпоо чакырыгы тамгасын баскан. Ушул боюнча президент Эрдоган орус кесиптеши Путин менен 2018 -  жылы 17 -  сентябрда Сочиде жолугушуп Идлибдеги ок атышпоону бекемдөө үчүн макулдашууга кол койгон болчу.

Сочи макулдашуусунун негизинде аскердик оппозициячылдар белгиленген аймактан оор куралдарын чыгарып, аймакта тынчтык түзүлүп, жерлеринен чыккан жарандар үйлөрүнө кайта башташты. Бирок кыска убакыттан кийин режим жана Иран колдогон чет элдик террордук группалар алдыңкы саптарды күчтөндүрүү жана жарандык отурукташуу жерлерине кол салууларын кайрадан баштаган.

Эртеңки саммитте Идлибде өзгөчө режим тарабында Иран колдогондугу билинген чет элдик террордук топтор күчөткөн абалдын каралышы күтүлүүдө. Бул топтор кечээ күн ичинде Идлибде 100дөн ашуун артиллериялык кол салуу жасады.

Орусия Түркияга күч колдонуунун жооптуусу катары көрсөткөн Хейет Тахрир Шам сыяктуу кээ бир элементтерге каршы биргелешкен операцияны сунуш кылууда. Бирок Түркия аймакта адамзаттык кризиске жол ача турган мындай бир операцияга жылуу карабай жатат.

Үч лидердин АКШнын Сириядан күчтөрүн чыгарышы тууралуу күн тартибинде Түркиянын Евфрат дарыясынын чыгышында жүргүзө турган операция жана Манбиж маселелери каралат.

Орусия Түркиянын Евфраттын чыгышындагы террордук уюм ЙПГ/ПККга каршы жүргүзө турган операцияга принцип катары каршы чыкпайт. Бирок Москва бул жерлердин  режимге калтырылышын каалап жатат.

Түркия болсо Хасекеде болгондой режимдин ЙПГ/ПКК менен жанаша жашай турган бир моделдин пайда болушунан тынчсызданууда. Ушул себептен Анкара ЙПГ/ПККнын режимдин жардамы менен кайра кайтышынын алдын тосуу үчүн аскердик чара көрүүнү каалайт.

Орусия бул жерде Түркия жана режим арасында карым  - катнаш жана кызматташтык түзүү багытындагы ниетин билдирди. Путин 23 -  январда Эрдоган менен жолугушуусунда Түркия менен Сириянын арасында 1998- жылы кол коюлган Адана макулдашуусун эске салуу менен Түркиянын коопсуздук тынчсызданууларынын ушул алкакта жок болорун ойлогондугу тууралуу кабар берген.

Сирияда жаңы конституцияны жаза турган комитетти куру аракеттери акыркы 50 кишилик тизмеде режим делегациясы сунуш кылган кээ бир ысымдарга такалып калган.

Режим жаран жана тарапсыз деп көрүлө турган талапкерлердин ысымдарын билдирүүнүн ордуна жогорку деңгээлдеги коомдук мекеменин башкаруучулары сыяктуу кишилердин тизмеге киришинде катуу турат. Оппозициячылдардын  кепили Түркия болсо конституцияны жаза турган комитеттин курамынын тең салмактуу жана ишенимдүү болушу керектигин баса белгилеп жатат.



Тектеш кабарлар