Президент Эрдоган Анкара шаар ооруканалары тууралуу билдирди
Анкара шаар ооруканасы бир канча күндүн ичинде ачылат.
![Президент Эрдоган Анкара шаар ооруканалары тууралуу билдирди](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/7450/9528/659f/5c61873c39a92.jpg?time=1719031121)
Президент Р. Т. Эрдоган Түркиянын эң ири ооруканасы боло турган Анкара шаар ооруканасынын бир канча күндүн ичинде ачыларын билдирди. Эрдоган борбор шаар Анкарада Синжан Лале аянтында өткөрүлгөн топ түрүндө ачылуу аземинде сөз сүйлөп, чоң экрандан шаар ооруканаларына байланыштуу видеонун көрсөтүлүшү менен : "Бул ооруканалар дүйнөдө да жок, Түркияда бар. Түрк калкына жарашкан эмне болсо аны аткардык жана аткарып жатабыз. Азыркы учурда Анкарадагы шаар ооруканасы Түркиянын эң ири ооруканасы болот. Дээрлик баары бүттү. Бир канча күндүн ичинде ачабыз",- деди.
Этликтеги башка оорукананы да ачышарын баса белгилеген Эрдоган ушундайча Анкаранын Билкент жана Этликте эки ири шаар ооруканасынын болорун билдирди.
Тектеш кабарлар
![Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/d431/4da4/2a0f/665576b9c9569.jpg?time=1719031122)
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.