Франция эң оболу өз тарыхы менен беттешүүсү керек

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия)  басма сөз катчысы Өмер Челик: «Макрондун 1915-жылы Осмон мамлекетинде болгон окуялар тууралуу негизсиз дооматтарды негиз кылган чечимин айыптайбыз»,-деди.

1140266
Франция эң оболу өз тарыхы менен беттешүүсү керек

Франциянын президенти Эммануэль Макрондун 24-апрелди жалган армян геноцидин эскерүү күнү деп жарыялай турганын билдирүүсүнө Түркия өкмөтүнөн дагы бир каршы чыгуу...

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия)  басма сөз катчысы Өмер Челик: «Макрондун 1915-жылы Осмон мамлекетинде болгон окуялар тууралуу негизсиз дооматтарды негиз кылган чечимин айыптайбыз»,-деди.

«Саясий кызыкчылык күткөн лоббилерди ыраазы кылыш үчүн Макрондун таштаган кадамы диалогго тоскоол боло тургандай мүнөздө»,деген Челик: «Тарых менен беттешүү айтымы болгон Франциянын эң оболу Бенин, Буркина-Фасо, Габон, Гвинея, Камерун, Мавритания, Нигер, Сенегал, Тунис жана Чадда адамзатка каршы кылган кылмыштары менен беттешүүсү керек»,-деп айтты.

Челик, айрыкча Макрондун тарх менен беттешүүнү саясат темасы кылгысы келсе, өз өлкөсүнүн тарыхы менен беттешүүнү тандоосу керектигин айтты.


Этикеткалар: #Макрон

Тектеш кабарлар