Мальтанын президенти Түркияда

Конок президент жолугушууларын баштады.

1131416
Мальтанын президенти Түркияда

Мальтанын президенти Мари Луиза Колейро Прека, президент Режеп Таййип Эрдогандын чакыруусу боюнча Түркияга келди.

Конок президент жолугушууларынын алкагында алгач Стамбулда вице-президент Фуат Октай менен жолукту. Жабык эшик артында өткөн жолугушуу 40 мүнөткө созулду.

Президенттиктин Басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, расмий сапар убагында өтө турган жолугушууларда, Мальта менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу карым-катнаштар кеңири каралып, ар кайсы тармактардагы кызматташтыктын күчтөндүрүлүшү үчүн таштала турчу кадамдар талкууланмакчы.

Жолугушууларда айрыкча Түркиянын Европа Биримдиги карым-катнаштары жана мүчөлүк процесси менен аймактык жана эл аралык маселелер туурасында пикир алмашылышы көздөлүүдө.

Ошондой эле Мальтанын президенти Преканын 23-январда Стамбулда Түркия-Мальта Ишкердик кеңешинин жыйынына катышып, эки өлкөнүн алдыңкы иш чөйрөлөрү жана инвесторлору менен жолуга турганы билдирилди.

Аты аталган сапар Мальтадан Түркияга жасалган президенттик деңгээлдеги биринчи расмий сапар болуп саналат.


Этикеткалар: #Мальтанын , #Басма сөз

Тектеш кабарлар