Түркия Манбиждеги жарылууну айыптады

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында Манбиждеги жарылууну айыптаган билдирүү айтылды.

1127565
Түркия Манбиждеги жарылууну айыптады

Түркия, жикчил террор уюму ЙПГ/ПККнын басып алуусу астындагы Манбижде Американын аскерлеринин күзөт кылган убагында ишке ашырган бомбалуу кол салууну катуу айыптады.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында, «Манбиждин шаар борборунда болгон бомбалуу кол салууда АКШнын аскердик кызматкери менен жарандык өлүмдөр болгонун капа болуп уктук. Бул мыкаачылык террор кыймылын катуу айыптайбыз»,деп билдирилди.

«Манбиждин террордук уюмдардан тазаланышы жана бул аймакта ыраттуулук жана коопсуздуктун камсыздалышы максатында АКШ менен түзгөн Манбиж жол картасынын бардык элементтери менен ишке ашырылышы багытындагы эркибизди кайталайбыз»,делген жарыяда, «Түркия, Манбиж жол картасынын ишке ашырылуу процессинин эң кыска мөөнөттө бүткөрүлүшү максатында АКШ менен бирге жүргүзгөн иш-аракеттерин чечкиндүүлүк менен улантат»,сөздөрү орун алды.

АКШ баштаган ДЕАШка каршы коалициянын катчысы полковник Шон Райан, жоопкерчилигин ДЕАШ моюнга алган Сириянын Манбиж районундагы жарылууда АКШ аскерлеринин каза болгонун жарыялады.



Тектеш кабарлар