Түркиядан Гамбияга жардам

Түркия Батыш Африка өлкөлөрүнөн Гамбияга аскердик каражат боюнча жардам берди.

1126788
Түркиядан Гамбияга жардам

Түркия Батыш Африка өлкөлөрүнөн Гамбияга аскердик каражат боюнча жардам берди.

Түркиядан жиберилген деңиз флотунун борбор шаар Банжулдагы аскердик штабдагы өткөрүп алуу аземине Гамбиянын башкы штабынын төрагасы, армиянын генералы Масаннех Кинтех Түркиянын Банжул элчиси Исмаил Сефа Йүжеер менен көп сандаган аскер катышты.

Элчи Йүжеер аземде сүйлөгөн сөзүндө Түркиянын Гамбия армиясына куралдардын тышында бардык тармакта жардам берүүнү улантарын баса белгилеп : «Акыркы 16 жылда Түркия Гамбия армиясына билим берүү тармагында жардам берди жана мындан кийин да колдоо берүүнү улантат»,- деди.

Гамбиянын башкы штабынын төрагасы, генерал Кинтех Түркиядан алган жардамдардан улам кубанычтуу экендигин айтып, Гамбия куралдуу күчтөрүнүн жоопкерчиликерин орундатуусунда Түркиянын чоң жардамы болгондугун баса белгиледи.

Генерал Кинтех Түркиянын ушул күнгө чейин гамбиялык 7 миң 500 аскерге өлкө ичинде жана өлкө тышында билим бергендигин айтты.

Түркиядан жиберилген жардамдардын арасында аскердик бут кийимдер, кийим жана сумкалар бар.



Тектеш кабарлар