Тышкы иштер министринен С - 400дөр тууралуу маалымат

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Орусиядан С  - 400 абадан коргонуу системасын алуу тууралуу артка кадам таштабай тургандарын айтты.

1123185
Тышкы иштер министринен С  - 400дөр тууралуу маалымат

 Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Орусиядан С  - 400 абадан коргонуу системасын алуу тууралуу артка кадам таштабай тургандарын айтты.

Мевлют Чавушоглу менчик телекөрсөтүү каналынын түз эфиринде Түркия ала турган абадан коргонуу системалары тууралуу маалымат берди.

АКШнын Патриот абадан коргонуу системалары тууралуу биринчи сунушун бергендигин бирок Орусиядан алына турган С  - 400дөргө каршы экендигин эске салган Чавушоглу : «Орусия менен түзгөн келишимди жактоо аракетинде эмеспиз. Азыркы  учурда биз абадан коргонуу системасына муктажбыз. Алдыда Патриот да алышыбыз мүмкүн. Натыйжада бир соода кылып жатабыз, Түркия эми тоскоолдуктарды кабыл албаган өлкө»,- деди.

АКШга карата так мамиле кылышкандарын да белгилеген Чавушоглу : «Биздин муктаждыгыбыз бар.  Силерден сурандык берген жоксуңар. НАТОнун да көз карашы ушул багытта. НАТО союздаштары каалаган абадан коргоо системасын ала алышат. Ансыз да акырына чыккан бир келишим бар. Берилген убаданы эч качан унутпайбыз. С  - 400 келишими ансыз да болуп бүткөн келишим. Патриот үчүн АКШ менен келишим түзө алабыз бирок С  - 400 тууралуу тоскоолдук боло турган болсо, болбойт»,- деди.



Тектеш кабарлар