Президент Р. Т. Эрдоган "тандамал дүйнө лидери"

Президент Р. Т. Эрдоган «жылдын тандамал дүйнө лидери» номинациясын алды.

1116999
Президент Р. Т. Эрдоган "тандамал дүйнө лидери"

 Президент Р. Т. Эрдоган Rassdnews медиа желеси тарабынан берилген  добуш берүүдө «жылдын тандамал дүйнө лидери» номинациясын алды.

Араб дүйнөсүндө таасири абдан чоң  медиа катары таанылган Rassdnews : «2018 -  жылы дүйнөдө эң тандамал кишилер» деген ат менен өткөргөн добуш берүүнүн жыйынтыгын билдирди.

Rassdnews   медиа желеси өткөргөн добуш берүүгө катышкан 300 миң кишинин 77 пайызы президент Р. Т. Эрдоганды 2018 -  жылдын «тандамал дүйнө лидери» деп тандады. Тизмеде сокку менен кызматынан алыстатылган Египеттин мурунку президент Мухамед Мурси да 52 пайыздык добуш менен экинчи орунду алды. Добуш берүүдө Эрдоган менен бирге АКШнын президенти Дональд Трамп, Орусиянын президенти В. Путин жана Сауд Арабиянын королу Селман бин Абдулазиз да бар.

Өзгөчө добуш берүүдө Сауд Арабиянын Стамбулдагы башкы консулдугунда журналист Жемал Кашыкчынын өлтүрүлүшү «2018 -  жылдын эң белгилүү окуяларынын» арасында биринчи орунда көрсөтүлдү.

Rassdnews медиа желеси 2011 -  жылы 25 -  январда Египетте болгон элдик көтөрүлүштөн кийин курулган.

Rassdnews Египет башта болгон Жакынкы Чыгыш жана дүйнөдөгү абалдар тууралуу кабарларды араб дүйнөсүнөн миллиондогон кишиге жеткирүүдө.



Тектеш кабарлар