Президент Эрдогандан Евфраттын чыгышына карата операция билдирүүсү

Президент Бештепе Улуттук конгресс жана маданият борборунда өткөрүлгөн түрк коргонуу өнөр жай саммитине катышты.

1105614
Президент Эрдогандан Евфраттын чыгышына карата операция билдирүүсү

 Президент Р. Т. Эрдоган Сирияда Евфрат дарыясынын чыгышындагы террордук буталарына бир канча күндүн ичинде кыймылды баштатарын айтты. Президент Бештепе Улуттук конгресс жана маданият борборунда өткөрүлгөн түрк коргонуу өнөр жай саммитине катышты.

Бул жерде Сирияда болгон абалдарга токтолгон Эрдоган : «Сириянын түндүгү биздин түштүгүбүз. Террор коридорун ал жерде курууга аракет кылышууда. Биз булар террорист деп жатсак биздин стратегиялык өнөктөштөрүбүз АКШ булар террорист эмес деп жатышат. Булар ПККнын жандаштары, бардык далилдер ортодо»,- деди.

Сириянын түндүгүндө ЙПГ/ПКК жикчил террордук уюм менен бирдикте кыймыл кылган АКШга каршылык көрсөткөн Эрдоган : «Силер биз менен кандай ниетте бирге кыймыл кылып жатасыңар жана кайра эле барып алар менен байланышып жатасыңар? Манбижде эмдигиче жыйынтык чыга элек. Урматтуу президент 30 күндө булардын баарын жок кылабыз деп жатат. Көрөбүз. Каалообуз тазалансын»,- деди.

Эрдоган АКШнын Манбиждин ЙПГ/ПКК террористтеринен тазаланышы тууралуу тануусу мүмкүн болбогон алаксытуу  тактикасынын ишке ашкандыгын белгиледи.

«Америкалыктар бетибизге карап оң сөз сүйлөгөнүнө карабастан ДЕАШка карата жикчил террордук уюмдун террористтерин аянтка карай сүрүүнү тандады»,- деген Эрдоган : « Акыркы болуп 30 миң террористти аймакта машыктыруу кадамдарын таштай башташты. Мындай нерсе жок деп жатышат. Бүткүл дүйнө медиасы муну аныктады. Баарынын колунда бул маалыматтар бар. Эмне кылганыңарды байкап жатасыңарбы? Жикчил террордук уюм менен болгон карым – катнаштарын күн өткөн сайын дагы да жакындатып, бирдикте алардын байрагын желбиретип жатат. Ким менен жанаша? Өз байрактары алардын чүпүрөктөрү менен жанаша. Орток күзөт, орток машыктыруу баскычына чейин алып келишти бул ишти»,- деди.

«Евфрат дарыясынын чыгышы тууралуу эскертүү берип ошол эле учурда даярдыктарыбызды да аяктадык»,- деген Эрдоган : «Сирияда эми ДЕАШ деген коркунуч жок. Бул биз үчүн бир жомок. Евфрат дарыясынын чыгышын жикчил террордук уюмдан куткарууга карата кыймылыбызды бир канча күндүн ичинде баштай турганыбызды айттык, айтып жатабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар