Түркия адам укуктарын бузууга каршы күрөшүүсү менен дүйнөгө үлгү болуусун улантат

Чавушоглу, Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча Дүйнөлүк билдирүүсүнүн кабыл алынышынын 70 жылдыгы (1948-жылдын 10-декабры) үчүн билдирүү жарыялады.

1104005
Түркия адам укуктарын бузууга каршы күрөшүүсү менен дүйнөгө үлгү болуусун улантат

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Түркиянын адам укуктарын бузууга каршы күрөшүүсү менен дүйнөгө үлгү болуусун улантканын белгиледи.

Чавушоглу, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча Дүйнөлүк билдирүүсүнүн кабыл алынышынын 70 жылдыгы (1948-жылдын 10-декабры) үчүн билдирүү жарыялады.

БУУнун куруучу мүчөсү болгон Түркиянын дүйнө жүзүнүн төрт тарабында чыккан адам укуктарын бузууларга каршы адамкерчиликтүү жана демилгелүү тышкы саясаты менен күрөш жүргүзгөнүн белгилеген Чавушоглу, бул күрөш менен эл аралык коомчулукка мисал болуусун улантканын белгиледи.

Чавушоглу, Түркиянын адам укуктары жана адамзат кризистери менен күрөшүү үчүн эл аралык уюмдар менен күчтүү кызматташып иш алып барганын маалымдады.

Министр Чавушоглу айрыкча, Түрк улутунун демократия жана адам укуктарына болгон байланышын Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) 2016-жылдын 15-июлундагы төңкөрүш аракетинде бүткүл дүйнөгө көрсөткөнүн белгилеп өттү.

Чавушоглу, Түркиянын адам укуктарын коргоп өнүктүрүүсүн уланата турганын айтты.



Тектеш кабарлар