Келерки жумада Улудагда кыш сезону башталат
Улудагда сезон 14 - декабрда ачылат.
1102733
![Келерки жумада Улудагда кыш сезону башталат](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/fb0f/117a/2005/5bfd3b741591b.jpg?time=1718993815)
Түркиянын негизги кышкы туризм борборлорунан болгон, жыл сайын жүз миңдеген кишини тосуп алган Бурсадагы Улудагда сезон 14 - декабрда ачылат.
Шаардын маркасы болгон Улудаг Мармара аймагынын эң бийик жери катары кыш жана муз тебүү туризминин борбору.
Улудаг 18 мейманкана жана 7 миңге жакын орундук көлөмү менен кыш туризмине абдан чоң салым кошууда. Чет элдик туристтердин кыш айларында чоң кызыгуу көрсөткөн аймакка жай айларында да араб туристтер көп келет.
Улудагда жай айларында футболдук клубдардын лагердик программаларын өткөрүшү тууралуу иштер улантылууда.
Тектеш кабарлар
![Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/d431/4da4/2a0f/665576b9c9569.jpg?time=1718993816)
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.