Эрдоган мэрликке талапкерлерин жарыялады
Эрдоган 40 облустун мэриялыгна талапкерлерди жарыялады.
Эрдоган 40 облустун мэриялыгна талапкерлерди жарыялады.
Президент Режеп Таййип Эрдоган, Стамбулдагы Халич конгресс борборунда өткөн Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) мэрликке талапкерлерин таанытуу жыйналышында партиясынын 40 облустун мэрлигине талапкерлерин жарыялады.
Эрдоган, Анкара, Стамбул жана Измир мэрлигине талапкерлердин ысымдарын айткан жок.
Эрдоган үч чоң шаарга талапкер көрсөтпөй АК Партиянын талапкерлерин колдоого алгандарын жарыялаган Улуттук кыймыл партиясынын (МХП) жетекчиси Девлет Бахчелиге ырахматын айтты.
Девлет Бахчели кечээки жарыясында Стамбул, Анкара жана Измирде талапкер көрсөтпөй тургандарын, бул облустарда АК Партиянын талапкерлерин колдоого ала тургандарын билдирген.
Жергиликтүү шайлоолор 2019-жылдын 31-мартында болот.
Тектеш кабарлар
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.