Акар - Шойгу сүйлөшүүсү

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу менен телефон аркылуу сүйлөштү.

1094050
Акар  - Шойгу сүйлөшүүсү

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүүдө Сирияда Идлиб жана Тель Рыфаттагы акыркы абалдар, аймактык коопсуздук темалар Сочиде кол коюлган макулдашуунун алкагында каралды.

Аянтта көрүлүшү керек болгон техникалык жана тактикалык чаралар белгиленген сүйлөшүүдө Идлиб жана Тель Рыфатта тынчтык жана коопсуздуктун түзүлүшү  үчүн орток иш алып баруунун улантылышы тууралуу бирдей пикирде экендери такталды.

Министр Акар Улуттук Чалгындоо Уюмунун төрагасы Хакан Фидан менен шейшемби күнү Орусиянын Сочи шаарында Орусиянын коргоо министри Шойгу жана башка жетекчилер менен жолугушкан.

Түркия менен Орусия 17 -  сентябрда Сочиде «Идлиб коопсуздук аймагы» макулдашуусуна кол коюшкан болчу. Макулдашуу боюнча оор куралдарды коопсуздук аймактардан чыгарышкан. Бирок аймак бат  - бат Башар Асад режиминин артиллериялык кол салууларына дуушар болууда.

 

 

 



Тектеш кабарлар