Министр Акар Канадада АКШнын генштаб башчысы менен жолукту

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар,Эл аралык коопсуздук форуму Галифакска катышуу үчүн барган Канаданын  Галифакс шаарында эки тараптуу жолугушууларды ишке ашырды.

1090005
Министр Акар Канадада АКШнын генштаб башчысы менен жолукту

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, АКШнын генштаб башчысы, армия генералы Жосеф Данфорд менен жолукту.

Акар, Эл аралык коопсуздук форуму Галифакска катышуу үчүн барган Канаданын  Галифакс шаарында эки тараптуу жолугушууларды ишке ашырды.

Эң оболу Канаданын коргоо министри Харджит Сингх Саджан менен жолуккан Акар, андан кийин АКШнын генштаб башчысы, армия генералы Данфордду кабыл алды.

Акар басма сөзгө жабык өткөн жолугушуудан кийин баа берүүсүндө чынчыл өткөн жолугушууда эки тараптуу пикир, маалымат жана көз караш алмашуу болгонун маалымдады.

Министр Акар: «Жикчил террор уюму ПККдан эч кандай айырмасы болбогон террорист ЙПГнын бул жерде болушунун жана өзгөчө АКШнын аскерлери менен чогуу жүрүшүнүн, кызматташууларынын туура болбогонун, мунун бизди абдан тынчсыздандырганын жана бул карым-катнаштардын тез арада жоюлушу жагдайын өздөрүнө кайра айттык»,-деди.

«Бул кабыл алынгыс көрүнүштөрдүн кайталанбоосу темасындагы эскертүүлөрүбүздү кылып, алардан күтүүлөрүбүздү ортого салдык»,-деп айткан Хулуси Акар: «Террорист ЙПГга (YPG) жүк ташуучу унаалар, фуралар жана учактар менен курал жана ок-дары берилишинин дагы шериктештик түшүнүгүнө дал келбегенин, келбей турганын, мунун биз тараптан кабыл алынышынын мүмкүн болбогонуна көңүл бурдук. Эскертүүлөрүбүздү кайталадык жана АКШлык шериктештерибиздин бул темада керектүү чараларды көрүүлөрүн жана дароо террорист ПККдан эч бир айырмасы болбогон ЙПГ менен карым-катнаштарын токтотууларын күткөнүбүздү да айттык»,-деди.

Акар, келген талап боюнча бир күн мурда Коргоонуу Комитетинин мүчөлөрү да орун алган АКШлык айрым сенаторлор менен жолукканын эске салып, аты аталган жыйналышта Түркия жана АКШнын ортосундагы айрым темаларды сүйлөшкөндөрүн баяндады.

Улуттук коргоо министри Акар, жолугушууларынын алкагында Косовонун коопсуздук күчтөрү министри Рустем Бериша жана Молдованын коргоо министри Евгения Стурца менен өз-өзүнчө жолугушуу өткөрдү.



Тектеш кабарлар