Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Лаосто кесиптеши менен жолугушту

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу расмий сапар менен барган Лаосто тышкы иштер министри Саулумхей Коммасит менен жолугушту.

1083809
Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Лаосто кесиптеши менен жолугушту

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу расмий сапар менен барган Лаосто тышкы иштер министри Саулумхей Коммасит менен жолугушту.

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу тышкы иштер министрлик деңгээлинде биринчи жолу сапар менен барган өлкөдө кесиптеши Коммасит менен жолугушуусунда оболу Лаосто жай айларында болгон сел апаатынан санааркагандарын билдирди. Чавушоглу Түркиянын Лаос элинин жанында экендигин белгиледи.

Лаоско тышкы иштер министри деңгээлинде алгачкы сапарды аткаруудан кубанычтуу экендигин  айткан Чавушоглу бул өлкөдө кечээ азем менен ачылган Түркиянын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн  эки тараптуу карым  - катнаштар үчүн маанисин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар