Сауд Арабиянын мураскор канзаадасы Мухаммед бин Салман үн катты

Президент Режеп Таййип Эрдоган менен телефондо сүйлөшүү өткөргөн мураскор канзаада, андан кийин маалымат берди.

1075174
Сауд Арабиянын мураскор канзаадасы Мухаммед бин Салман үн катты

Журналист Жемал Кашыкчынын (Хошагги) өлтүрүлүшүнөн бери алгач ирет сөз сүйлөгөн Сауд Арабиянын мураскор канзаадасы Мухаммед бин Салман, окуяны чечиш үчүн Түркия менен кызматташып жаткандарын айтты.

Президент Режеп Таййип Эрдоган менен телефондо сүйлөшүү өткөргөн мураскор канзаада, андан кийин маалымат берди.

«Эки өлкөнүн тең өкмөттөрү, кылмышкерлердин жазаландырылышы үчүн кызматташтыктарын далилдейт»,-деп айткан Мухаммед бин Салман: «Сауд Арабия жана Түркиянын ортосунда жарака жаратууга аракет кылгандар бар. Корол Салман, мен жана Эрдоган болуп турганда муну ишке ашыра алышпайт»,-деди.

Канзаада Салман, Кашыкчы кылмышынын абдан капага салганын жана адилетсиз болгонун дагы айтып, натыйжага жетиш үчүн Түркия менен биргелешип иштеп жаткандарын билдирди.

Мураскор канзаада адилеттик орундатыла турганына ишенгенин да айтты.

Вашингтон пост гезитинин жазуучусу, саудиялык журналист Жемал Кашыкчыдан 2018-жылдын 2-октябрь күнү расмий каттаоолорун жасатыш үчүн Сауд Арабиянын Стамбулдагы башкы консулдугуна киргенден кийин дайын чыкпай калган.

Сауд Арабия бийлиги, 20-октябрда Кашыкчынын, «консулдук имаратында болгон кагылышуунун натыйжасында каза болгонун» жарыялаган.



Тектеш кабарлар