Эрдоган Трамп менен сүйлөшүү өткөрдү
Президент Режеп Таййип Эрдоган жана АКШнын президенти Дональд Трамп телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.
Президент Режеп Таййип Эрдоган жана АКШнын президенти Дональд Трамп телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.
Анда америкалык кечил Эндрю Брансон доосу тууралуу укуктук процесс каралды. Эки лидер, Түркия жана АКШнын ортосундагы кызматташтыкты бардык тармакта нормалдаштыруу жана өнүктүрүү чечкиндүүлүгүн тастыктады.
Жолугушууда, өлтүрүлгөн журналист Жемал Кашыкчы (Хашогги) окуясынын бардык жагынан ачыкка чыгарлышы керектиги темасында макулдашылды.
Анда ФЕТӨ менен кошо бардык террор менен күрөшүүдө кызматташтык темасы да каралды.
Сириядагы акыркы абал да каралган сүйлөшүүдө, эки лидер Манбиж темасындагы жол картасынын тез арада ишке ашырылышы керектигин кеп кылды. Идлиб макулдашуусунун маанисине токтолду.
Лидерлердин сүйлөшүүсүнөн кийин тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео дагы телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.
Тектеш кабарлар
Эрдоган менен Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү
Сүйлөшүүдө премьер - министр Пашинян президент Эрдоганды Курман айт майрамы менен куттуктады.