Эрдоган Трампка жооп берди

Эрдоган, АКШнын президенти Трампка социалдык медиа түйүнү Твиттер барагынан жооп берди.

1068167
Эрдоган Трампка жооп берди

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын соту америкалык кечил Эндрю Брансон тууралуу чечимин көз карандысыз түрдө чыгарганын айтты.

Эрдоган, АКШнын президенти Трампка социалдык медиа түйүнү Твиттер барагынан жооп берди.

Эрдоган: «Урматтуу президент ар дайым баса белгиленим сыяктуу Түркиянын соту чечимин көз карандысыз түрдө чыгарды. АКШ жана Түркия эки шериктешке жарашкыдай түрдө кызматташтыгын улантат деп ойлойм. ПКК, ДЕАШ жана ФЕТӨ башында турган террор уюмдарына каршы биргелешкен күрөш жүргүзөт»,-деп айтты.

Дональд Трамп, Брансондун эркин кое берилиши тууралуу тийиштүү социалдык медиа барагы Твиттер аркылуу пикирин бөлүшүп, «Аны кайрадан көрүү абдан сонун болот. Жардам бергени үчүн президент Эрдоганга ырахмат айткым келет»,деп жазган.

Террордук уюмдардын атынан кылмыш кылганы жана тыңчылык кылганы айыбы менен кечээ Измирде төртүнчү ирет судьянын алдына чыккан мерикалык кечил Брансон, 3 жыл 1 ай абак жазасына тартылып, кармалып турган убакыты эсепке алынып эркин кое берилген.


Этикеткалар: #Эрдоган

Тектеш кабарлар