Европадагы Исламофобияны көргөн сайын өзүмдү коопсуз сезбеймин

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын диспутка катышты.

1062626
Европадагы Исламофобияны көргөн сайын өзүмдү коопсуз  сезбеймин

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Европадагы Исламофобияны көргөн сайын өзүн коопсуз сезбегенин айтты.

Түркия радио-телеберүү мекемесинин (ТРТ) тарабынан Стамбулда уюштурулган «TRT WORLD FORUM» дүйнөлүк тынчтыкка салым кошуу үчүн глобалдык ой-пикир лидерлерине кожоюндук кылууда.

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, форумдун алкагында Жакынкы Чыгыштагы маселелер каралган диспутка  катышты.

Форумдун экинчи күнүндө сөз сүйлөгөн Ибрахим Калын, коопсуздук маселесинин Араб дүйнөсүнө гана таандык болбогонун белгилеп: «Европадагы исламофобияны көргөн сайын өзүмдү коопсуз сезбей элемин»,-деди.

Калын, президент Режеп Таййип Эрдогандын апрель айындагы Англия сапарында чогуу фотосүрөткө түшүп өзүнө формасын белек кылган түрк тектүү футболчу Месут Өзилдин немис басма сөзү тарабынан бутага алынышын мисал катары көрсөттү.

Калын: «Глобалдык тынчтыктын атынан биз бул теманын үстүндө канча турдук?»,-деп суроо узатты.


Этикеткалар: #Ибрахим Калын

Тектеш кабарлар