Тышкы иштер министринин Нью - Йорктогу жолугушуулары

Чавушоглу Швейцариянын тышкы иштер министри Игнацио Кассис жана Бурунди тышкы иштер министри Эджекиэль Нибигира менен өз өзүнчө жолугушту.

1057621
Тышкы иштер министринин Нью - Йорктогу жолугушуулары

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Нью  -  Йоркто БУУнун башкы ассамблеясынын 73 -  жыйынынын негизинде эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Чавушоглу Швейцариянын тышкы иштер министри Игнацио Кассис жана Бурунди тышкы иштер министри Эджекиэль Нибигира менен өз өзүнчө жолугушту.

БУУнун 73 -  жыйынынын төрагасы жана Эквадор тышкы иштер министри Мариа Фернанда Еспиноса менен жолугушкан Чавушоглу Борбордук Америка интеграция уюмунун башкы катчысы Винисио Серезо менен да жолугушту. Жыйындар басма сөзгө жабык өттү.

Министр Чавушоглу өзгөчө БУУда өткөрүлгөн Ислам Кызматташтык Уюмунун Палестина комитетинин жыйынына да катышты.

Чавушоглу жыйындан кийин социалдык бөлүшүү сайты твиттер эсебинен берген маалыматта : «Палестиналык боордошторубуздун дайыма жанында болобуз. Аймакта тынчтык жана коопсуздуктун түзүлүшү үчүн 1967 – жылдагы чектердин негизинде борбор шаар Чыгыш Кудс болгон көз карандысыз жана эгемендүү бир Палестина мамлекетинин түзүлүшү шарт»,- деди.

 


 



Тектеш кабарлар