Эрдоган учакта журналисттерге маалымат берди

Президент Режеп Таййип Эрдоган, расмий сапар менен барган Азербайжандан кайтып келе жатканда учакта күн тартип тууралуу маалымат берди.

1050636
Эрдоган учакта журналисттерге маалымат берди

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Сириянын Идлиб аймагындагы процесстин учурдагы абалы менен уланышынын оор жыйынтыктары боло турганы менен эскертти.

Эрдоган, расмий сапар менен барган Азербайжандан кайтып келе жатканда учакта күн тартип тууралуу маалымат берди.

Сочиде бүгүн Орусиянын президенти Владимир Путин менен боло турган жолугушууда да эң маанилүү теманын Идлиб боло турганына басым жасаган Эрдоган: «Идлибде ичкериде оппозициячылдардын арасына жайгашып алган террордук топторго каршы бардыгыбыз биргелешип кадам таштайлы. Бирок шылтоо кылып ал жерди бомбалоо сыяктуу кадамды таштабайлы»,-деди.

Түркиянын иш-аракеттеринин натыйжасы катары Идлибдеги абалдын акыркы күндөрдө тынч экенин белгилеген Президент: «Иштин адамзат жүгүн Түркия көтөрүүдө. 3,5 миллион качкын биздин өлкөбүздө. Идлибден дагы көч толкуну башталса адамдардын келечеги, баш калкалай турганы жери кайра эле Түркия болооору көрүнүп турат. Биз айрым даярдыктарды кылган абалдабыз. Сирия тарабында кээ бир иштерди жасадык. Биз Батыш сыяктуу мамиле кыла албайбыз. Биздин мамилебиз коргоочу мүнөздө болот. Бирок жүк дагы жеңил эмес, жүк оор. Бул оор жүктүн астында калуу да жеңил эмес. Сабыр менен бул ишти чечүүгө, муну жеңип чыгууга аракет кылабыз»,-деп айтты.

Журналисттердин «Гуманитардык жардам тилкеси үчүн Орусия менен биргелешкен операция болобу?» деген суроосуна, «Учурда Асад режиминин аесуздугун, ал жерлерде кандай теракттарды кылып жатканын ар ким көрүүдө. Ал жерде террор мамлекети бар. Ал жерде ушул теракттарга каршы кандай чара көрөбүз? Коалициялык күчтөр эмне кылышат? Урматтуу Путиндин бул жерге мындан кийинки мамилеси кандай болот? Идлибде ичкериде оппозициячылдардын арасында орун алган террордук топторго каршы бардыгыбыз чогуу кадам таштайлы, чара көрөлү. Бирок шылтоо кылып ал жерди бомбалоо сыяктуу кадамды таштабайлы»,-деп жооп берди Эрдоган.



Тектеш кабарлар