Берат Албайрак Лондондо жолугушууларды өткөрдү
Берат Албайрак Британиянын борбор шаары Лондондо 11 финансы мекемесинин башкаруучусу менен жолугушту.
![Берат Албайрак Лондондо жолугушууларды өткөрдү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/b04d/a164/9d71/5b8e2fee933aa.jpg?time=1719194171)
Казына жана каржы министри Берат Албайрак Британиянын борбор шаары Лондондо 11 финансы мекемесинин башкаруучусу менен жолугушту.
Берат Албайрак көлөмү 15 триллион долларлык мүлктү башкарган, дүйнөнүн эң чоң финансы мекемелеринен 11нин жогорку деңгээлдеги башкаруучулары менен өз өзүнчө жолугушту.
Албайрак жолугушууларда Түркиянын 15 жылдык экономикалык өнүгүшү жана жаңы мезгилдеги экономикалык пландар тууралуу маалымат берди. Жаңы мезгилде стратегиялык пландын алкагында ишке ашышы пландалган экономикалык саясаттар тууралуу башкаруучуларга маалымат берди. Албайрак жолугушууларынын негизинде кечээ Британиянын финансы министри Филип Хаммонд жана мамлекеттик министр Сир Алан Дункан менен жекеме - жеке жана делегациялар аралык жолугушууларды өткөрдү.
Тектеш кабарлар
![Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/d431/4da4/2a0f/665576b9c9569.jpg?time=1719194172)
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.