Президент Эрдогандын Кыргызстандагы жолугушуулары улантылууда

Президент Р. Т. Эрдоган үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын ачылуу аземине катышуу үчүн Чолпон – Атага барды.

1041676
Президент Эрдогандын Кыргызстандагы жолугушуулары улантылууда

Президент Р. Т. Эрдоган Кыргызстандагы жолугушууларынын негизинде үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын ачылуу аземине катышуу үчүн Чолпон – Атага барды.

Эрдоган борбор шаар Бишкектеги жолугушууларынан кийин үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын ачылуу аземи үчүн атайын учак «АНА» менен Бишкек Манас эл аралыка эропортунан  Ысык – Көлдөгү Тамчы аэропортуна барды.  

Делегациясы менен Чолпон – Атада өтө турган оюндардын ачылуу аземине катыша турган Эрдоган андан мурда кечки сый тамакка катышат.

Борбор шаар Бишкекте «Манас» университетинде ардактуу доктор аземине катышкан Эрдоган андан кийин президент Сооронбай Жээнбеков менен Ата Бейит эстелигин зыярат кылган.

1916 – жылдагы көтөрүлүштүн элесине курулган «Үркүн» эстелигине гүл чамбар койгон Эрдоган белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелигине да гүл койду.

Эрдоган кечээ Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Имам Серахси мечитинин ачылышына катышты. Эрдоган бул жерде сүйлөгөн сөзүндө ачылышы аткарылган мечиттин бүткүл ислам дүйнөсү менен Кыргызстандагы мусулмандар үчүн жакшылыктарга себеп болушун каалады.



Тектеш кабарлар