Президент Эрдоган С - 400 ракеталарынын кыска убакытта алынарын айтты

"Түркиянын С  - 400дөргө муктаждыгы бар жана келишими бүттү. Буйруса эң кыска убакта алабыз»

1040780
Президент Эрдоган С  - 400 ракеталарынын кыска убакытта алынарын айтты

Президент Р. Т. Эрдоган Орусиядан  С  - 400 ракета системасынын эң кыска убакта алына тургандыгын айтты.

Эрдоган Балыкесирде Кара Астсубай жогорку кесиптик окуу жайынын бүтүрүү аземинде сүйлөгөн сөзүндө террор менен күрөштө жалгыз калган Түркиянын өзүн коргоо үчүн С  - 400 ракета системасына муктаж экендигин белгилеп : «Өзүбүздү коргоо үчүн керек болгон каражаттарды бизге сатпастан, террордук уюмдарына бекер беришти. Жерибизди коргоо, коопсуздукту түзүү үчүн альтернативдерди издөө аракетине киргенибизде уруксат бербей  жатышат. Биздин мындай мамилелерди кабыл алуубуз мүмкүн эмес. Түркиянын С  - 400дөргө муктаждыгы бар жана келишими бүттү. Буйруса эң кыска убакта алабыз»,- деди.

Эрдоган Түркиянын Европа жана Америка менен болгон союздаштык, өнөктөштүк карым  - катнаштарына болгончолук башка өлкөлөр менен кура турган кызматташтыктарга да муктаж экендигин айтты.

Түркия тууралуу АКШда ачылган доолордун, чыгарылган чечимдердин үлгүсүнүн башка өлкөдө болбогондугун айткан Президент : «Бизди бир тараптуу карым  - катнашка зордогондордун өздөрүнүн жашыруун жана ачык дүйнөнүн төрт бир тарабында кандай иштерди аткарып жаткандарын да абдан жакшы билебиз. Ушул күнгө чейин эки тараптуу же көп тараптуу карым  - катнаштарыбыздын эч биринде убадабызда турбастык болгон жок. Эч кимге каршы эч нерсе кылган жокпуз. Бирок бизге баарын жасашты»,- деди.

Кечил Эндрю Брунсонго токтолгон Президент Эрдоган : «Измирде толугу менен мыйзам ичинде жүргөн бир доону шылтоолоп, Түркияны аскердик жана экономикалык жактан күчсүздөнтүү үчүн аракет кылынышы акылга сыйбайт»,- деди.



Тектеш кабарлар