Президенттин Жарлыгы Расмий гезитте жарыяланды

АКШ товарларынын айрымдарынын импортунда кошумча каржылык милдеттенме катышы эки эсе арттырылды.

1032680
Президенттин Жарлыгы Расмий гезитте жарыяланды

АКШ товарларынын айрымдарынын импортунда кошумча каржылык милдеттенмелерди ишке ашырууга карата жарлыкка өзгөртүүлөрдүн киргизилиши жөнүндөгү президенттин жарлыгы Расмий гезитте жарыяланды.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын кол тамгасы менен Расмий гезитте жарыяланган жарлыкка караганда күрүч, алкоголдуу ичимдиктер, тамеки, унаа жана косметика каражаттары да арасында болгон АКШ товарларынын айрымдарынын импортунда кошумча каржылык милдеттенме катышы эки эсе арттырылды.

Вице-президент Фуат Октай жарлык Расмий гезитте жарыялангандан кийинки билдирүүсүндө, бул чечимдин Түркия экономикасына атайылап кол салгандарга каршы жооп кайтаруу принцибинин алкагында чыгарылгандыгын айтты.

АКШ Дүйнөлүк Соода Уюмунун эрежелерине баш ийбей, Түркиядан сатып алган болот жана алюминийге бажы салыгын эки эсе көбөйткөн болчу.

 



Тектеш кабарлар