Эрдоган-Меркель сүйлөшүүсү

Түрк экономикасынын күчтүү болушу Германия үчүн да маанилүү.

1033063
Эрдоган-Меркель сүйлөшүүсү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Германиянын канцлери Ангела Меркель менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Меркель Эрдоган менен жолугушуусунда, Түркия экономикасынын күчтүү болушунун Германия үчүн да маанилүү экенин баса белгиледи.

Президент Эрдоган менен Германиянын канцлери Меркель сүйлөшүүдө, казына жана каржы министри Берат Албайрак менен Германиянын каржы жана экономика министрлеринин жолугуусу боюнча макулдашышты.

Ошондой эле сүйлөшүүдө актуалдуу темалар талкууланып, эки лидердин сентябрь айында Германиянын борбор шаары Берлинде өткөрө турган жолугушуусу каралды.

Эрдоган менен Меркель кызматташуунун эки тараптуу жогорку деңгээлдеги сапарлар жана сүйлөшүүлөрдүн негизинде дагы да күчтөндүрүлүшү боюнча чечкиндүү экендиктерин тастыкташты.



Тектеш кабарлар