Лавров Анкарада маалымат берди

Мевлүт Чавушоглу менен орусиялык кесиптеши Сергей Лавров, Анкарада 10-Элчилер конференциясынын алкагында суроолорго жооп беришти.

1032160
Лавров Анкарада маалымат берди

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, АКШнын бир жактуу санкцияларынын мыйзамсыз экенин белгилеп, көптөгөн өлкөнүн доллардан баш тарта баштай турганын айтты.

Анкарада тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглу менен жолуккан Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров биргелешкен маалымат жыйында сөз сүйлөдү.

Мевлүт Чавушоглу менен орусиялык кесиптеши Сергей Лавров, Анкарада 10-Элчилер конференциясынын алкагында суроолорго жооп беришти.

АКШнын Түркияга карай санкцияларына байланышуу суроого жооп берген Лавров: «Бир жактуу экономикалык санкциялар мыйзамсыз болуп саналат. Көптөгөн өлкө доллардан баш тарта баштайт»,-деди.

Орусияга карай санкцияларга да токтолгон Лавров: «Айрым батыштык өнөктөштөр дипломатия маданиятын бузган абалда»,-деди жана Орусияга каршы санкцияларга Түркиянын кошулбай коюшу да маанилүү экенин айтты.

Лавров эл аралык карым-катнаштарда акыл-эстүүлүктүн жеңип чыгаарын жана өлкөлөрдүн саясий көз караштардан арылтылган диалогго кайтаарын ойлогондорун баса белгиледи.

Лавров Сириянын Идлиб шаарында Асад режиминин жарандарга карай кол салууларына байланыштуу суроо боюнча Түркия менен Орусиянын Идлибдеги чыңалууну азайтуу аймагы тууралуу келишимдердин ишке ашырылышы үчүн диалог куруп жаткандарын айтты.  

 

 



Тектеш кабарлар