Эрдоган-Ибади жолугушуусу

Ибади президент Эрдоган тарабынан кабыл алынды.

1032352
Эрдоган-Ибади жолугушуусу

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Ирактын коопсуздугу, ырааттуулугу жана бакубаттыгы Түркиянын коопсуздугу, ырааттуулугу жана бакубаттыгы болуп саналат»,-деди.

Ирактын премьер-министри Хайдар аль-Ибади расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн Анкарага келди.

Эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштарды сүйлөшүү үчүн Түркияга келген Ибади, президент Режеп Таййип Эрдоган тарабынан Президенттиктин комплексинде кабыл алынды.

Президент Эрдоган менен Ирактын премьер-министри Ибадинин ортосундагы бетме-бет жана делегациялар аралык сүйлөшүүлөрдө, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуунун баардык тармакта өнүктүрүлүшү менен катар аймактык маселелер да каралды.

Эки лидер жолугушуулардан кийин биргелеше маалымат жыйын өткөрүштү.

Эрдоган сөз сүйлөөсүндө: «Эки тараптуу карым-катнаштарды дагы да бекемдөө, коопсуздук баш болгон орчундуу тармактарда кызматташтыгыбызды өнүктүрүү үчүн курула турган жаңы өкмөт менен иштешүүгө даярбыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар