Президент Эрдоган долларды алмаштырууга чакырды...

Президент Режеп Таййип Эрдоган, долларды алмаштырууга чакырды...

1030114
Президент Эрдоган долларды алмаштырууга чакырды...

Президент Режеп Таййип Эрдоган валюта курсундагы кыймылдуулукка байланыштуу Байбуртта баа берүү жасап, «Доллар моллар биздин жолубузду торой албайт, эч кабатыр болбогула. Жаздыгынын астында доллары, евросу, алтыны болгон бар болсо аны барып банктарыбызда түрк лирасына айландырсын. Бул улуттук, мекенин сүйүүчүлүк күрөшү болуп саналат. Бул, бизге каршы экономикалык согуш жарыялагандарга улутумдун жообу болуп саналат»,-деп айтты.

Эрдоган: «Айрым өлкөлөр Түркия тарап болгон бардык маселелерде козголоңчуларды коргогон, террористтерди кучагына алган, акы жана укук тааныбаган мамилени кылууда. Экономикабызда акыркы күндөрдө болгон терстиктер да бул бурмалоолордун бир бөлүгү»,деген маалымдоосун жасады.

«Бардык терс ыктымалдарга каршы даярдыктарыбыз бар»,-деп айткан президент Эрдоган: «Валюта курсуна, пайыздарга, коркутууларга карап колун ушалагандар бекер жыргабасын. Түркиянын макро экономикалык көрсөткүчтөрүндө, өндүрүү күчүндө, жумуш менен камсыздоо деңгээлинде, банкчылык системасында дагы эч кандай кыйынчлык болбой турганда жасалма финансылык ыраатсыздык толкундарына дуушар болуудабыз. Абдан жөнөкөй бир канча көз караш айырмачылыктарынын үстүнө курулган бул кол салуулардын себептеринин абдан болгону ачык көрүнүп турат. Мындай түрдөгү мамилелерди көрсөткөн өлкөлөр менен арабыздагы карым-катнаштар орду толтурулгус зыянга учуроо чегине жетти. Түркияны майда эсептери үчүн садага чапкандар ишенип койгула эртеңки күндө өкүнүп калышат»,-деп айтты.

Эрдоган, эч бир өлкөгө карай атайын касташуусунун болбогонуна басым жасап: «Бардык өлкөлөр менен кызыкчылыктарыбыз шайкеш келген жагдайларда кызматташтык кылып, дал келбеген жагдайларда маселелерибизди сүйлөшүү жолу менен чечүүгө аракет кылуудабыз, бирок бул тема Түркияны бурчка такап эгемендик укуктарыбызга зыян тийгизе турган бир канча баш тарттырууга келгенде иш өзгөрөт. Таарынышпасын биздин мындай жагдайда эч кимге макулдугубуз болбойт, боло албайт»,-деди.

Президент Эрдоган: «Танкадан, учактан, октон коркпогон бул улут ушундай коркутуулардан коркобу? Ушундай ойлогондор бул улутту эч тааныбаптыр дегенди берет»,-деп айтты.

Эрдоган: «Ирандан Орусияга, Кытайдан айрым Европа өлкөлөрүнө чейин бир топ жер менен ар башка альтернативалар темасында маанилүү жолду басып өткөн абалдабыз»,-деп айтты.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Байбурттан кийин Гүмүшханеге өттү.

Эрдоган, бул жердеги элге кайрылуусунда Түркиянын туризм кирешесинин алгачкы 6 айда былтыркы жылга салыштырмалуу 30 пайыздан жогору өсүү көрсөткөнүн айтты.

Президент, Орусиянын президенти Владимир Путин менен бүгүн болгон телефондогу сүйлөшүүсүнө да токтолуп: «Урматтуу Путин менен телефон аркылуу сүйлөштүм, быйыл Орусиядан быйыл турист чубайт. 6 миллиондой турист Орусиядан келет деп божомолдоодобуз. Ортобуздагы бул карым-катнаштар, бул байланыштар бизди дагы күчтүү абалга келтирет»,-деди.


Этикеткалар: #Эрдоган , #валюта , #доллар

Тектеш кабарлар