Түркиянын Улуттук коопсуздук кеңешинин жыйналышы өттү

Президенттик Өкмөт системасынын алгачкы Улуттук коопсуздук кеңеши, президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде өттү.

1022818
Түркиянын Улуттук коопсуздук кеңешинин жыйналышы өттү

Түркия Республикасынын Улуттук коопсуздук кеңеши, АКШнын Түркияга багытталган коркутуучу тилинин эч качан кабыл алынбай турганын жарыялады.

Президенттик Өкмөт системасынын алгачкы Улуттук коопсуздук кеңеши, президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде өттү.

Беш сааттан ашык убакыттан бери уланган жыйналыштан кийин жарыяланган билдирүүдө, террор менен күрөшүү боюнча чечкиндүүлүккө басым жасалды.

Жарыяланган билдирүүдө ФЕТӨ/ПДЙ, ПКК/ПЙД-ЙПГ жана ДЕАШ баш болгон улуттук биримдикке коркунуч туудурган бардык террор уюмдарына каршы өлкө ичинде жана өлкө тышында жүргүзүлүп жаткан операциялардын туруктуулук жана чечкиндүүлүк менен улана турганы белгиленди.

«Түркия ар түрдүү жоопкерчилигин орундаткан коргонуу өнөр жайы долбоорлорун, АКШнын эл аралык келишимдерге терс түшкөн шарттарга байланыштырган токтомунун жана билдирүүлөрүнүн эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүккө жана ишеним менен болгон карым-катнашына оңдолушу мүмкүн болбогон зыян тийгизе турганы» катталган билдирүүдө, «АКШ тарабынан Түркияга каршы колдонулган коркутуу тилинин шериктештик карым-катнаштарын урматтабоочулук болгону жана эч качан кабыл алнбай турганы» дагы бир жолу баса белгиленди.

Сирияда болсо дагы деле террордук уюмдар таасирин жогото элек аймактардын тез арада коопсуз абалга айландырылышына карата иш-аракеттерге токтолгон билдирүүдө, «Бул темадагы так кадамдардын таштала баштай турганы белгиленди»,деген баа берүү бөлүшүлдү.

Эгей жана Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги абалдардын болсо кылдат байкалып жатканы белгиленген билдирүүдө, «Түркиянын деңиздердеги укук жана кызыкчылыктарынын корголушу жагдайындагы чечкиндүүлүк баса белгиленди»,делди.



Тектеш кабарлар