Түркия Пакистанда болгон кол салууну айыптады
Пакистандын түштүк батышындагы Куетта шаарындагы добуш берүү борборунун тышында кол салуу жасалды.
1019372
![Түркия Пакистанда болгон кол салууну айыптады](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/14ae/3711/b13d/5b20b714c67ee.jpg?time=1718784486)
Түркия Пакистандын түштүк батышындагы Куетта шаарындагы добуш берүү борборунун тышында жасалган террордук кол салууну катуу айыптады.
Тышкы иштер министрилигинен берилген маалыматта Белужистандын борбор шаары Куеттада өткөрүлгөн жана добуш берүү үчүн шайлоо борборлоруна барган күнөөсүз көп сандаган кишинин каза болушунан жана жаралануусунан терең кайгыруу баса белгиленди.
Маалыматта : «Бул кандуу террордук кол салууну катуу айыптап, Пакистан өкмөтү менен боордош Пакистан калкына көңүл айтып, жаралуулардын бат айыгып кетишин каалайбыз»,- деп билдирилди.
Тектеш кабарлар
![Эрдоган менен Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/17dc/85c7/62ef/667274aa8f555.jpg?time=1718784486)
Эрдоган менен Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү
Сүйлөшүүдө премьер - министр Пашинян президент Эрдоганды Курман айт майрамы менен куттуктады.