Орусиядан алынган С-400 батареяларынын алгачкысы алдыдагы жылдын акырында келет

Чавушоглу, НАТОнун Саммити үчүн барган Бельгиянын борбор шаары Брюсселде медиа мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берди.

1010677
Орусиядан алынган С-400 батареяларынын алгачкысы алдыдагы жылдын акырында келет

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Орусиядан алына турган С-400 коргонуу системалары тууралуу алгачкы батареялардын алдыбыздагы жылдын акырына карай келе турганын айтты.

Чавушоглу, НАТОнун Саммити үчүн барган Бельгиянын борбор шаары Брюсселде медиа мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берди.

Орусиядан С-400 алгандан кийин бир гана АКШдан эмес, айрым НАТОнун мүчөлөрүнөн да буга сереп салуулар болгонун белгилеген Чавушоглу, буларды айтты: «Техникалык жагын түшүнө алабыз. Мисал үчүн С-400дүн НАТОну жана НАТОнун системаларын, шериктештерди душман катары көрсөтүп көрсөтпөгөнүн сурагандары же муну түшүнүүгө аракет кылуулары нормалдуу. Бул темада биз ансыз деле кылдатпыз. Алып жатканда дагы бул темадагы шарттарбызды ортого койдук. Бул биздин шашылыш муктаждыгыбыз болчу. Бул муктаждыгыбызды шериктештерибизден камсыздай албаганыбыз үчүн Орусиядан алган эң мыкты сунушту да Орусиянын бергенин, натыйжада Түркиянын көз карандысыз жана эрикн өлкө болгонун, өз чечимин өзү чыгара турганын айттык».

«Түркия НАТОдон алыстап баратабы?» сыяктуу суроолорду кабыл албагандарын белгилеген Чавушоглу: «Жок, Түркия НАТОдон алыстаган жери жок. Эгерде НАТОдогу шериктештерибиз бул муктаждыгыбызды камсыздаганда биз алардан алмакпыз»,-деп айтты.

Чавушоглу айрыкча: «Алдыбыздагы жылдын акырына карай алгачкы батареялар келет. Ошондуктан муну эми  суроонун да кажети жок»,-деди.

Бүгүнкү күндө НАТОну жана шериктештерди коркунучка салган элементтин террор уюмдары болгонун баса белгилеген Чавушоглу, НАТОнун террор менен күрөшүүдө жыйынтыкка жетүүчү чараларды көрүшү керектигин айтты.



Тектеш кабарлар