Измирдин Чешме районунда 58 чет элдик кармалды

Араларында аялдар менен балдар да болгон качкындар облустук миграция директорлугуна тапшырылды.

1010875
Измирдин Чешме районунда 58 чет элдик кармалды

Измирдин Чешме районунун жакындарында мыйзам тышы жолдор менен Грецияга өтүүгө аракет кылган 58 чет элдик кармалды. 

Жээк коопсуздук командирлигинин топтору Караабдуллах жээгинде бир группа качкындын бар экендиги тууралуу келген маалымат боюнча аймакка барды. Жээк коопсуздук командирлигинин  топтору тарабынан токтотулган резина кайыкта 34 сириялык, 20 ирактык, 2 палестиналык жана 2 йемендик качкындын бар экендиги белгиленди. 

 Араларында аялдар менен балдар да болгон качкындар облустук миграция директорлугуна тапшырылды. 

 

 

 



Тектеш кабарлар