Эртең Түркияда шайлоо

Шайлоодо өлкө ичинде жалпы 56 миллион 322 миң 632 шайлоочу, 180 миң 65 үкөктө добуш берет.

997886
Эртең Түркияда шайлоо

Түркия эртең президенттик жана парламенттик шайлоо үчүн добуш берет.

Шайлоодо өлкө ичинде жалпы 56 миллион 322 миң 632 шайлоочу, 180 миң 65 үкөктө добуш берет.

Өлкө тышындагы шайлоочу тизмесине катталган шайлоочулар эртең саат 17ге чейин бажы капкаларында добуш беришет.

Жалпы Түркиядагы шайлоочулар саат 08:00дөн 17:00гө чейин добуш беришет.

Бирок саат 17ге чейин добуш бере албастан үкөк башында күткөн шайлоочулар саналгандан кийин добуштарын беришет.

Төшөктө жаткан оорулуулар үчүн көчмө үкөк бул шайлоодо биринчи жолу колдонулат.

Ошонун негизинде көчмө үкөктөр добуш берүү үчүн оорулуу же бир тоскоолдук менен төшөктө жаткандыгы билдирилген шайлоочуларга алып барылат.

Президенттик шайлоодо 6 талапкер жарышат.

Шайлоо күнү бардык берүүлөр 21ден кийин эркин болот бирок Жогорку Шайлоо Комиссиясы тарабынан ылайык көрүлсө саат 21ден мурда да берүүлөрдүн эркин болушуна чечим чыгарыла алат.

 

 

 



Тектеш кабарлар