Стамбулдагы дүйнөнүн эң чоң аэропортуна алгачкы учак конду
Президент Режеп Таййип Эрдоган, «ТС-ANK» аттуу учак менен дүйнөнүн эң чоң аэропорт долбоору Стамулдун жаңы аэропортуна алгачкы конуусун ишке ашырды.
![Стамбулдагы дүйнөнүн эң чоң аэропортуна алгачкы учак конду](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/f0b4/1425/2ab9/5b2c95ce93057.jpg?time=1719027033)
![istanbul yeni havalimani3.jpg](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/ade0/2c13/3b63/5b2c95efc6f5f.jpg?time=1719027033)
![istanbul yeni havalimani2.jpg](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/3e32/4376/890f/5b2c95e4c733d.jpg?time=1719027033)
![istanbul yeni havalimani1.jpg](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/1d4b/e035/0f9d/5b2c95da55f40.jpg?time=1719027033)
Президент Режеп Таййип Эрдоган, «ТС-ANK» аттуу учак менен дүйнөнүн пайдубалынан баштап жаңы салынган эң чоң аэропорт долбоору Стамулдун жаңы аэропортуна алгачкы конуусун ишке ашырды.
«ТС-ANK» учагы, узундугу 3750 метр , кеңдиги 60 метр жана бардык иштери аяктаган биринчи жол тилкеге конду. Эрдогандын учак конгон убакта кабинада орун алганы көрүндү.
Президент Эрдоганды Стамбулдагы жаңы аэропортто, транспорт, деңиз иштери жана байланыш министри Ахмет Арслан, учкучтар, стюардессалар, конок тосуучулар, аэропорттун жумушчулары тосуп алышты. Эрдоган андан соң аземге тизилген командага салам берди.
Аэропортто күткөн өрт өчүргүч командасы, алгачкы жолу конуусунун себебинен Эрдогандын учагын авиациянын салты болгон суу чачуу менен тосуп алды. Учак андан соң суу бүркүгөн бул эки өрт өчүргүч унаасынын арасынан өттү.
Эрдоган, кабинадан сүйлөгөн сөзүндө мыкты аэропорт куруунун кубанычына бөлөнгөнүн айтты.
Эрдоган: «Бардык консорсиум мүчөлөрүн, архитекторунан инженерине чейин эмгеги өткөндөрдүн бардыгын куттуктаймын. Чындап эле жол тилкеси, жарыктандыруусу, терминал имараты менен укмуш түзүлүшкө ээ болдук. Улутубуз, өлкөбүз жана бардык адамзат үчүн аэропортубуз пайдалуу болушун Алла тааладан тилеймин. Элиме чын-жүрөктөн саламымды берип, таазим этемин»,-деди.
Аэропорттун биринчи этабынын Түркия Республикасынын курулган күнү болгон 29-октябрда тейлөөгө ачылышы пландалууда.
42 айда бүтүрүлө турган биринчи этапта, күнүгө 3500 конуп-учуу мүмкүнчүлүгү, 100 миң чарчы метрдик күтүүчүлөрдү тейлөө аянты, 25 миң унаа бата турган автопаркы, 42 километрдик багаж системасы, 143 жүргүнчү көпүрөсү, 5,5 миллион тонналык жүк ташуу көлөмү, 62 километрдик коопсуздук курчоосу болот.
Аэропорттун 73 миллиард лиралык экономикалык салымы жана 225 миң кишини жумуш менен камсыздоо мүмкүчүлүгүн бериши күтүлүүдө.
Тектеш кабарлар
![Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/d431/4da4/2a0f/665576b9c9569.jpg?time=1719027034)
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.