Эрдоган - Король Абдуллах сүйлөшүүсү
Сүйлөшүүдө эки тараптуу карым - катнаштар менен аймактык темалар каралды.
989341
![Эрдоган - Король Абдуллах сүйлөшүүсү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/ed70/ccd5/30cb/5b1bbb4aa2ce8.jpg?time=1719181857)
Президент Р. Т. Эрдоган Иорданиянын Королу 2 - Абдуллах менен телефон аркылуу сүйлөштү. Эрдоган менен 2 - Абдуллахтын сүйлөшүүдө эки тараптуу карым - катнаштар менен аймактык темалар каралды.
Эрдоган Түркиянын Иорданиянын биримдигине, экономикалык бейкуттугуна чоң маани бергендигинен сөз кылды.
Иорданияда өкмөттү куруу менен милдеттендирилген Өмер Ер - Реззазга да ийгилик каалады. Эки лидер Кудстун статусун коргоо үчүн аракет кылышарын кайталашты.
Эрдоган менен Абдуллах Түркия - Иорданиянын ортосундагы эки тараптуу карым – катнаштардын дагы да күчтөнөрүн билдиришти.
Тектеш кабарлар
![Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/d431/4da4/2a0f/665576b9c9569.jpg?time=1719181857)
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.