Австриянын кадамы дүйнө жүзүн Кресттүүлөр-Жарым Айлуулар согушуна алып баратат
Президент Режеп Таййип Эрдоган, Стамбулда Чыгыш жана Түштүк Чыгыш Жарандык эрк платформасы тарабынан уюштурулган ооз ачар программасында сөз сүйлөдү.
![Австриянын кадамы дүйнө жүзүн Кресттүүлөр-Жарым Айлуулар согушуна алып баратат](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/d578/ac70/9c6a/5b1c327a0d0ef.jpg?time=1719057497)
Президент Режеп Таййип Эрдоган, Австриянын премьер-министринин таштаган кадамдарынын дүйнө жүзүн Кресттүүлөр-Жарым Айлуулар согушуна алып баратканын айтты.
Президент Эрдоган, Стамбулда Чыгыш жана Түштүк Чыгыш Жарандык эрк платформасы тарабынан уюштурулган ооз ачар программасында сөз сүйлөп, Австриянын 7 мечитти жабуу чечимине каршылык көрсөттү.
Эрдоган: «Бул үчүн да өзгөчө Батыш дүйнөсү мындай кадамдарын жөнгө салышы керек. Эгерде булар жөнгө салбаса, бул эсептер башкача түрдө жасалууга багытталат. Алар эмне кылат десеңер? Ал жактагы биздин дин адамдарыбызды Австриядан чыгарып ташташат имиш. Сиз аны кылсаңыз биз бош карап турабызбы? Биз да бир нерселерди кылабыз»,-деп айтты.
Тектеш кабарлар
![Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/d431/4da4/2a0f/665576b9c9569.jpg?time=1719057498)
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.