«Синжарды да Кандилди да атабыз»

Президент Р. Т. Эрдоган менчик телекөрсөтүү каналында күн тартибине баа берди

988473
«Синжарды да Кандилди да атабыз»

Президент Р. Т. Эрдоган Түндүк Иракка карата ыктымалдуу операциянын белгисин «Синжарды да Кандилди да атабыз»,- деген сөздөр менен берди.

Жикчил террордук уюм ПКК менен күрөшүү процессинен сөз кылган Президент Эрдоган : «Түркия Кандилге операция жүргүзөбү?»,- деген суроого жооп берди : «Окуянын эки тарабы бар. Кандил бар, Синжар бар. Ирактан Түркияга коркутуу боло турган болсо, бирок азыр кээ кээде коркутуулар болуп жатат. Албетте Ирак өкмөтү менен да бул тууралуу сүйлөшөбүз. Багдат өкмөтү «мен бул маселени чечем» десе жакшы. Бирок Багдат өкмөтү чече албайм десе эч ким менен сүйлөшпөйбуз, Синжарды да Кандилди да атабыз. Ал түгүл муну биринчи жолу айтып жатам. Махмур абдан маанилүү. БУУму Махмур маселесин чечиши керек. Ал жерде террористтер жетиштирилүүдө. Ал жер террор уясы»,- деди.

Президент Эрдоган : «БУУ менен бул тууралуу байланыш барбы?»,- деген суроого бул маселе тууралуу өткөн күндөрдө БУУнун мурунку башкы катчысы Пан Ги Мун менен көп жолу сүйлөшкөндөрүн айтып : «Эми Антонио Гутерреш менен сүйлөшөбүз. Бирөө келип бул меселени чечсин.  Чечилбесе эмне керек болсо аткарабыз. Себеби бул жер террор уясы»,- деп жооп берди.

Багдат өкмөтү менен сүйлөшүп, бирдикте кадам таштоонун маанисин баса белгилеген Эрдоган : «Кандил кайдан азыктанып жатат. Махмурдан азыктанууда. Буларды унутпайлы. Синжар негизинен кичинекей бир Кандил»,- деди.



Тектеш кабарлар