Сирияда ПКК/ПЙД-ЙПГнын Манбижден чыгып кетиши күтүлүүдө
Мевлүт Чавушоглу, Помпео менен болгон жолугушуусу тууралуу социалдык медиа тармагы Твиттер барагынан маалымат берди.
![Сирияда ПКК/ПЙД-ЙПГнын Манбижден чыгып кетиши күтүлүүдө](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/92a7/badb/cd00/5b15485742a00.jpg?time=1718992736)
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен Вашингтондо жолугуп Түркия-АКШ карым-катнаштарын, Манбиж жол картасын, Сирия маселесин жана башка аймактык темаларды карап чыкты.
Мевлүт Чавушоглу, Помпео менен болгон жолугушуусу тууралуу социалдык медиа тармагы Твиттер барагынан маалымат берди.
Чавушоглу анда Түркия-АКШ карым-катнаштарын, Манбиж жол картасын, Сирия маселесин жана башка аймактык темаларды карап чыккандарын айтты.
Жолугушуунун жемиштүү өткөнүн баса белгилеген Чавушоглу, бул жолугушуудан кийин Сирияда ПКК/ПЙД-ЙПГнын Манбижден чыгып кетиши темасында оң жыйынтык күткөнүн белгиледи.
Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин жарыясында да, «Чавушоглу-Помпео жолугушуусунда Манбижде жол картасы бекитилди»,делди.
Жикчил террор уюму ПКК/ПЙД-ЙПГ, Сириянын Халеб облусуна караштуу Манбиж районун 2016-жылдын август айында АКШнын колдоосу менен террордук уюм ДЕАШтан алып ээлеп алган.
ДЕАШка каршы күрөш шылтоосу менен ПКК/ПЙД-ЙПГга колдоо көрсөтүүсүн уланткан АКШ, райондук борборунун ДЕАШтан тазаланышынан кийин ПКК/ПЙД-ЙПГнын райондон чыгып кете турганы темасында Түркияга убада берген бирок муну орундаткан эмес.
Тектеш кабарлар
![Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/d431/4da4/2a0f/665576b9c9569.jpg?time=1718992736)
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.