Түркия өзүнө керектүү согуштук учактарды сөзсүз алат

Чавушоглу АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпеонун сүйлөшүлгөн келишимдер тууралуу айтканын эске салды.

982476
Түркия өзүнө керектүү согуштук учактарды сөзсүз алат

АКШ өзүнүн убадасына туруп, Сириянын Манбиж шаарынан  ППК/ПЙД-ЙПГ сыяктуу террористик уюмдарды чыгарбаса, Түркия бул аймакта операцияларды жүргүзүшү мүмкүн. Бул тууралуу Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу билдирди.

Чавушоглу АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпеонун сүйлөшүлгөн келишимдер тууралуу айтканын эске салды.

«Эгер АКШнын мурунку мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон кызматынан кетпегенде биз Сириянын Манбиж шаары боюнча жол карта тууралуу сүйлөшүүлөргө жетишмекбиз”- деди Түркиянын министри. 

«Ал жол картада конкреттүү кадамдар, конкреттүү күндөр көрсөтүлгөн. ЙПГ Манбижден чыгарылат, бирок башкы суроо анын ордуна бийликке ким келет? Муну Түркия жана АКШ бирге чечиши керек. Биз ЙПГнын чыгарылышын көзөмөлдөйбүз. Биздин критерий Манбиждин демографиялык структурасынын сакталышы»,- деди Тышкы иштер министри.

Манбиж шаарынан террористтерди чыгаруу планы Чавушоглу менен Помпеонун макулдугунан кийин күчүнө кирет. Биринчи этапта аймактагы коопсуздукту Түркия камсыз кылат. Андан ары Манбижде ийгиликтүү өтүү камсыздалса ал модель  Сириянын башка түндүк райондорунда да колдонулат.

Ал эми АКШдан F-35 согуштук учактарын сатып алуу боюнча ар кандай маселелер жаралбайбы деген суроого Чавушлогу АКШ жетекчилигинин бул суроодо терс кадамдары жок экендигин айтып өттү.

«Менин кооптонуум жок. Анткени биз түзүлгөн келишим тууралуу айтып жатабыз. Акы төлөө иштери жүрүп жатат. Келишимде деталдарынан бери камтылган. Эч бир токтоосу жок насыяларды төлөп жатабыз. Бул келишимдин Орусиядан ЗРК С-400 абадан коргонуу системасын алуу же Түркиянын башка келишимдерине эч тийешеси жок. Бул мындай келишим эмес, качан экинчи тарап кааласа оюндан чыгам дегидей. Өзүнүн юридикалык милдеттери бар да”, - деди Чавушоглу.

Түркиянын Тышкы иштер министринин айтымында эгер келишим бузулса Түркия башка жолдорду табат. “Түркия абадан коргонуу системасын сатып алууда өзүнүн шериктештеринен колдоо тапкан жок, бирок Түркия чарасыз калган жок, калбайт дагы. Биз сөссүз түрдө бизге эмне керек болсо ошону алабыз” – деп кошумчалады Мевлүт Чавушоглу.

АКШ бийлигине так маалымат берген Чавушоглу: «Шериктештерибиз бул темаларда өзүм билемдик кылып тоскоолдук кылбашы керек. Башка мекемелерге жүктөп бул иштерди узатышпасын. Шериктештикке жарашкыдай түрдө иштерди улантышыбыз керек»,-деп айтты.

Чавушоглу F-35 темасында акыркы чечимди АКШ бийлиги чыгара турганын, Конгресстин бул жумшарууну камсыздагагнын айтты.



Тектеш кабарлар