Ракета атуучу система сыналды
АСЕЛСАНдын ракета атуучу системасы Украинадагы сыноолордон өттү.
Түркиянын Аскердик электроника өнөр жайы АСЕЛСАНдын ракета атуучу системасы Украинадагы сыноолордон ийгиликтүү өттү.
Ишкананын билдирүүсүнө караганда, Украинанын LUCH компаниясы тарабынан өндүрүлгөн Skif ракетасынын АСЕЛСАН тарабынан чыгарылган атуучу системага интеграция иштери, бул өлкөдөгү эки ийгиликтүү ракета атуу менен аяктады.
АСЕЛСАН 6 айдын ичинде системанын өнүктүрүлүшү, прототип өндүрүү жана атуулар ишке ашкан сыноолорду өткөрдү.
LUCH менен Украина өкмөтүнүн өкүлү катары SPETSTECHNOEXPORT ишканаларынын кызматташтыгында өткөрүлгөн сыноо иштеринде, ракеталар 5 километр алыстыктагы бутага таамай атылды.
Бул система АКШ, Англия, Укриана жана Орусияда чыгарылган ар түрдүү ракеталарды атуу үчүн өнүктүрүлдү жана сыналды.
Тектеш кабарлар
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.