Террористтерге каршы операция
14-майдан 21-майга чейин 1 миң 388 операция жүргүзүлдү.
Өлкөнүн жалпысында 14-21-май күндөрүнүн аралыгында жүргүзүлгөн операцияларда 21 террорист кармалды.
Ички иштер министрлигинин билдирүүсүндө, 14-майдан 21-майга чейин 1 миң 388 операция жүргүзүлгөнү белгиленди.
Билдирүүдө Фетуллахчы террор уюу (ФЕТӨ) менен байланышы бар 527, террордук уюм ПКК менен байланышы бар 190, террордук уюм ДЕАШ менен байланышы бар 35 жана ашкере солчул террористтик уюмдар менен байланышы бар 16 киши суракка алынганы маалымдалды.
Министрликтин билдирүүсүндө, орто эсеп менен 17 миң полиция катышкан операцияларда 19 миңге жакын мектептин айланасы текшерилгендиги белгиленди. Бул текшерүүлөрдө ар кандай кылмыштарга шектүү 236 киши кармалды.
Тектеш кабарлар
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.