Пакистан Түркиядан 30 АТАК чабуул коючу тик учар алат
Келишимдин финансылык көлөмүнүн 1, 5 миллиард доллар экендиги белгиленип, эки өлкөнүн президенти катыша турган аземде кол коюлары күтүлүүдө.
![Пакистан Түркиядан 30 АТАК чабуул коючу тик учар алат](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/0730/754f/14c2/56e16a7b8a8eb.jpg?time=1719012491)
Коргонуу өнөр жайынын адиси Туран Огуз социалдык бөлүшүү желеси твиттер аркылуу коргоо өнөр жайынын кеңешчиси, профессор Исмаил Демирдин АТАК тик учарынын экспорт келишимин алдыбыздагы жумада билдиришерин айткандыгын белгиледи.
Келишимдин финансылык көлөмүнүн 1, 5 миллиард доллар экендиги белгиленип, эки өлкөнүн президенти катыша турган аземде кол коюлары күтүлүүдө.
2017 - жылдын ноябрь айында Пакистан коргоо боюнча өндүрүш министри 30 чабуул коючу жана 4 аскердик кеме сатуусуна байланыштуу процесстин 90 пайызынын бүткөрүлгөндүгүн, кредит пакети маселесин чечүүгө аракет кылынгандыгын билдирген болчу. Бул келишим айрыкча эң чоң коргонуу экспорту катары тарыхка өттү.
Тектеш кабарлар
![Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/d431/4da4/2a0f/665576b9c9569.jpg?time=1719012492)
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.