Ислам Кызматташтык Уюму Стамбулда чогулат

Ислам саммити конференциясынын кезексиз жыйынына 40тан ашуун ислам өлкөсүнөн өкүлдүн катышуусу күтүлүүдө.

973937
Ислам Кызматташтык Уюму Стамбулда чогулат

Түркиянын чакыруусу менен Кудс үчүн Стамбулда чогула турган Ислам Кызматташтык Уюмунун Ислам саммити конференциясынын кезексиз жыйынына 40тан ашуун ислам өлкөсүнөн өкүлдүн катышуусу күтүлүүдө.

Президент Р. Т. Эрдогандын Палестинадагы акыркы абалдардан кийинки чакыруусу боюнча Стамбулда боло турган Ислам Кызматташтык Уюмунун Ислам саммити конференциясынын кезексиз жыйынына 13 мамлекет жана өкмөт башчысы, 2 вице- президент, 3 вице- премьер- министр менен 12 тышкы иштер министри жана 11 өлкөдөн жогорку мартабалуу дипломат менен миссия шефтеринин катышуусу пландалууда.

Саммитке мамлекет жана өкмөт башчысы деңгээлинде Ирандын президенти Хасан Рухани, Афганстандын президенти Эшреф Гани, Иорданиянын королу 2 -Абдуллха, Судандын мамлекет башчысы Өмер ел Бешир, Гвинея- Бисаунун мамлекет башчысы Жосе Марио Ваз жана Гвинея малекет башчысы Альфа Конде, Катар эмири Шейх Темим бин Хамед Ал Сани, Кувейт Эмири Шейх Сабах ел- Ахмед ел – Жабир ес – Сабах, Мовританиянын мамлекет башысы Мухаммед Велед Абдулазиз, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Мустафа Акынжы, Пакистандын премьер- министри Хакан Аббаси, Кыргызстандын премьер- министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусу күтүлүүдө.

Индонезиянын вице- президенти Юсуф Калла жана Гамбиянын вице- президенти, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын вице- президенти жана тышкы иштер министри Кудрет Өзерсай, Сомалинин вице- премьер- министри Мехди Мухаммед Гулид, Йемендин вице- премьер- министри жана тышкы иштер министри Абдулмелик ел- Михлафинин да саммитке өлкөсүнүн атынан катышуусу күтүлүүдө.

Ислам Кызматташтык Уюмунун кезексиз жыйынынын негизинде Палестинанын премьер- министри Рами ел- Хамдаллах менен Ислам кызматташтык Уюмунун башка катчысы Юсуф бин Ахмед ел- Усеймин Стамбулга келди.

Израиль аскерлеринин жекшемби күнү Газа чек арасында АКШнын Израилдеги элчилигин Кудска көчүрүшүнө каршы чыккан жана Некбе башкача айтканда «Чоң апаатты» 70 – жылында эскерүүнү каалаган митингчилерге ок атып 62 палестиналыкты шейит кылып, 3 миңден ашуун кишини жаралаган болчу.



Тектеш кабарлар