Мамлекеттер кол койгон келишимдерине жооп бериши керек

Мевлүт Чавушоглу, расмий сапар менен Анкарага келген литвалык кесиптеши Линас Линкевикус менен болгон жолугушуусунан кийин маалымат жыйын өткөрдү.

967951
Мамлекеттер кол койгон келишимдерине жооп бериши керек

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, АКШнын Иран менен болгон атомдук келишимден чыгуу чечимин, «Мамлекеттер кол койгон келишимдерине жооп бериши керек»,-деп айтты.

Мевлүт Чавушоглу, расмий сапар менен Анкарага келген литвалык кесиптеши Линас Линкевикус менен болгон жолугушуусунан кийин маалымат жыйын өткөрдү.

2015-жылы түзүлгөн атомдук келишимдин бир гана Иран менен АКШнын ортосунда кол коюлбаганын, ЕБ жана башка өлкөлөрдүн да кошулганын жактаган Чавушоглу: «Натыйжада АКШнын өзү жалгыз бул чечимди чыгарышы туура кадам эмес. Башка өлкөлөр берген маалыматтары, лидерлер жасаган биргелешкен маалыматтары менен бул келишимге баш ийе тургандарын айтышты, эми болсо толук хаос болду»,-деп айтты.

Мевлүт Чавушоглу, биз Түркия катары ядролук куралдарга каршыбыз, бардыгына каршыбыз, бир өлкөнүн гана колундагы ядролук куралдарга эмес. Бүтүндөй аймагыбыздагы жана дүйнөдөгү ядролук куралдарга каршыбыз»,-деди.

Мамлекеттер кол койгон келишимдерине жооп бериши керектигин баса белгилеген тышкы иштер министри, «Бул белгисиздик, бул хаос тез арада ашылып өтүшүн каалайм. Биз ар дайым болгону сыяктуу бул маселеде да биргелешкен чечүүчү жол табылышы үчүн өз милдетибизди аткарууга даярбыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар