Карым-катнаштарыбызды кризистен мурдагы абалдан дагы жакшы абалга жеткирдик

Орусиянын Анкарадагы элчиси Алексей Ерхов, 9-Май Жеңиш күнүнөн улам Орусиянын Анкарадагы элчилигинде өткөрүлгөн иш-чарада сөз сүйлөдү.

968280
Карым-катнаштарыбызды кризистен мурдагы абалдан дагы жакшы абалга жеткирдик

Орусиянын Анкарадагы элчиси Алексей Ерхов, «Карым-катнаштарыбызды кризистен мурдагы абалдан дагы жакшы абалга жеткирдик»,-деди.

Алексей Ерхов, Советтер Союзунун 2-Дүйнөлүк согушта фашисттик Германияны жеңишинин 73 жылдыгы болгон 9-Май Жеңиш күнүнөн улам Орусиянын Анкарадагы элчилигинде өткөрүлгөн иш-чарада сөз сүйлөдү.

Эки өлкөнүн ортосундагы учак кризисинен (2015-жылы Орусиянын учагынын Түркиянын F-16сы тарабынан атып түшүрүлүшү) кийин болгон маселелерден ашып өткөндөрүн белгилеген Ерхов: «Карым-катнаштарыбызды кризистен мурдагы абалдан дагы жакшы абалга жеткирдик. Өткөн жsлы туризм темасында рекордго жетиштик. Түркияга келген орус туристтердин саны абдан көп. Быйыл да өткөн жылдагы рекорддон аша турганыбызга ишенемин»,-деп айтты.

Ерхов, эки тараптуу карым-катнаштардын абдан ылдам кадамдар менен илгерилегенин белгилеп, «Биргелеше жүргүзгөн «Түрк агымы», «Аккую атомдук станциясы» сыяктуу бир топ стратегиялык долбоор бар. Ошол эле убакта эки тараптуу соода көлөмүбүз жогорулап баратат»,-деп айтты.

Орусиянын Түркиянын жарандарына карай виза коюп жатканы тууралуу Ерхов, процесс ошондой уланууда, бирок чечүүчү жол таба тургандарына ишенгендерин айтты.

Ерхов, 2019-жылды эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу «Маданият жана туизм» жылы деп жарыялаганын белгилеп, ушул алкакта Түркияда да Орусияда да бир топ иш-чара уюштурула турганын билдирди.



Тектеш кабарлар