Сербиянын президенти Александр Вучич Түркияны мактап өттү

Расмий сапар менен борбор калаа Анкарага келген Сербиянын президенти Александр Вучич Түркияны мактап өттү.

966284
Сербиянын президенти Александр Вучич Түркияны мактап өттү

Расмий сапар менен борбор калаа Анкарага келген Сербиянын президенти Александр Вучич Түркияны мактап өттү.

Вучич: «Түркия, Балкан өлкөлөрүндөгү эң чоң күч, эң күчтүү өлкө болуп эсептелет. Түркиянын эмне ойлогону маанилүү»,-деди.

Президент Режеп Таййип Эрдоган жана серб кесиптеши Вучич кечээ кечинде Жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин жыйналышынан кийин биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

Вучичти Түркияда тосуп алганы үчүн ыраазы болгонун айткан Эрдоган, Жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешин октябрь айында Сербияга жасаган сапары убагында кол коюшкан биргелешкен билдирүү менен түзгөндөрүн айтты.

Эрдоган, кеңештин жыйынында эки тараптуу карым-катнаштарды бардык багыттары менен карагандарын, айрыкча күн тартиптеги аймактык маселелер туурасында пикир алмашкандарын айтты.

Эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмүнүн алгач ирет 2017-жылы 1 миллиард доллардын босогосунан ашышынын кубандыруучу экенин баса белгилеген Эрдоган, сөздөрүн мындай улантты: «2018-жылы кааларым бул 1 миллиард долларды 2 миллиард долларга, андан соң 3 миллиард долларга жана максат 5 миллиард долларга жеткирүү. Инвестициялардын эки тараптуу түрдө арттыырлышы башкы максаттарыбыздын арасында турат»,-деди.

Президент Эрдоган бир журналисттин «Түркия менен Сербиянын кызматташтыгынын Балкан өлкөлөрүндөгү тынчтыкка таасирине» байланыштуу суроосуна жооп иретинде бардык аракеттеринин өзгөчө да Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кеңеш менен аймакка тынчтыкты орнотуу экенин айтты.

Конок президент Александр Вучич болсо, Түркияда кабыл алынганы сыяктуу башка эч бир өлкөдө кабыл алынбаганын жана бул үчүн Эрдоганга ыраазычылык билдиргенин маалымдады.



Тектеш кабарлар