Сербиянын президенти Анкарада

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Сербиянын президенти Вучичти расмий салтанат менен тосуп алды.

965892
Сербиянын президенти Анкарада

Сербиянын президенти Александр Вучич Анкарада.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Сербиянын президенти Вучичти расмий салтанат менен тосуп алды.

Эрдоган, Вучичти Президенттик комплексинин негизги каалгасында тосуп алды. Эки президенттин аземдеги орундарын алышынан кийин 21 жолу замбиректин залп атышынын коштоосунда улуттук гимндер ойнолду.

Вучич, гвардиячылар полкунун аземге тизилген ротасына түркчө «Мерхаба аскер» деп салам берди. Аземде тарыхта курулган 16 Түрк мамлекетин өкүлдүк кылган байрактар жана аскерлер да орун алышты.

Эки өлкөнүн делегацияларын тааныштыруусунан кийин Эрдоган жана Вучич, тепкичтерде Түркия жана Сербиянын желектеринин алдында сүрөткө түшүштү.

Бетме-бет боло турган жолугушууга өткөн Эрдоган жана Вучич, андан соң Жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин жыйналышына катышат. Эки президент келишимдерге кол коюу аземинен кийин биргелеше маалымат жыйын өткөрүшөт. Президент Эрдоган, андан соң Вучичтин урматына расмий кечки сый тамагын берет.



Тектеш кабарлар