АКШдагы түрк шайлоочулар

АКШда жашаган түрк жарандары 9 – 17 -  июнь күндөрү добуш беришет.

963620
АКШдагы түрк шайлоочулар

АКШда жашаган түрк жарандары Түркияда 24 -  июнь жекшемби күнү боло турган президенттик жана 27 -  мезгилдик депутаттарды шайлоо үчүн 9 – 17 -  июнь күндөрү добуш беришет.

Түркиянын Вашингтон элчилиги бул тууралуу жазуу түрүндөгү маалыматында : «Жогорку Шайлоо Кеңеши президенттик жана 27 -мезгилдик депуаттардын жалпы шайлоосуна байланыштуу тышкы өкүлчүлүктөрүбүздө добуш берүү күндөрү билдирилди. Ушул боюнча Өлкө тышындагы шайлоочу жобосунда АКШда катталган жарандарыбыз биринчи турдагы шайлоодо 9 – 17 -июнь күндөрү 9 күн эрте менен саат 9:00дөн кечинде 21:00ге чейин Вашингтон элчилигибиз жана Бостон, Хьюстон, Лос Анжелес, Маями, Нью – Йорк жана Чикагодогу башкы консулдуктарыбызда добуш бере алышат»,- деп билдирди.

Президенттик шайлоо экинчи турга кала турган болсо 30 -июнь жана 4 -июль күндөрү саат 9:00дөн 21:00гө чейин добуш бере алышары белгиленди.

Жалпы АКШда 100 миңден ашуун түрк шайлоочуун жашагандыгы жана 38 миңге жакын шайлоочу менен шайлоочу саны эң көп болгон Нью- Йорк аймагы экендиги билдирилди.

 

 



Тектеш кабарлар